
Гимназиянын максаты — чет тилдерде эркин сүйлөгөн, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде атаандаша алган ийгиликтүү инсанды тарбиялоо.

Заманбап тилдик лабораториялар жана лингафондук кабинеттер түзүлүп, чет өлкөлүк маданиятка жана адабиятка жеткилик камсыздалууда, англис тилинен окутуучу мугалимдер даярдалууда, эл аралык программалар менен кызматташуу жүргүзүлүүдө, мугалимдер жана тарбиячылар үчүн жатаканалар каралууда. Гимназиянын педагогикалык жамааты ар бир бала жашоодо колдонууга жарамдуу билим алышы үчүн бир максат менен биригип, жамаатчылыкта иш алып барат.
Чыныгы билим берүү — бул жан дүйнөнү сүйүү жана камкордук аркылуу тарбиялоо.
Бала: «Сен маанилүүсүң, сенин колуңдан келет» деген сөздөрдү укканда ачылат.
Мектеп чынчылдыкты, адилеттүүлүктү жана абийирге берилүүнү тарбиялашы керек.
Мектеп — бул ишеним менен сабыр үмүттү жаратып, ийгиликке жетелеген жер.
Биздин мектеп урматтоо, жоопкерчилик жана өнүгүүгө умтулуу сыяктуу баалуулуктарга негизделет. Бул баалуулуктар окуучуларга өздөрүнүн эң мыкты версиясына айланууга жардам берет.

Биздин А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясы 1995-жылы кадрдык потенциалды эске алуу менен уюшулган. Билим берүү жана илим министрилигинин АШ № 182 лицензиясына ээ болгон.2009-жылы кайрадан Билим берүү жана Илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитацилоо (аттестациялоо) боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан аттестацияланып, комиссиянын чечиминин негизинде ОМ №000343 сертификатына ээ болду. Андан кийин кайрадан 2016-жылы Билим берүү жана Илим министрлигинин алдында лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан аттестацияланып, комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2016-жылдын 24-июнундагы №993/1 буйругу менен №SB160000405 сертификатына ээ болду.

Гимназия чет тилдерин тереңдетип үйрөтүү багытында уюшулгандыктан, бизде англис тили тереңдетилип окутулат. Устав боюнча, кадр маселеси чечилсе башка чет тилдерин да (араб, корей, кытай, немец) окутуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Балдарга татыктуу тарбия, терең билим берүүдө педагогикалык коллектив талыкпай эмгектенишүүдө.








